САЯСИЙ ТУТКУНДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫНЫН ЖАНА ТУУГАНДАРЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ
САЯСИЙ ТУТКУНДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫНЫН ЖАНА ТУУГАНДАРЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ
Биз, Кемпир -Абад иши боюнча камакта отурган жана дээрлик эки жумадай убакыттан бери ачкачылык кармап жаткан саясий туткундардын үй-бүлө мүчөлөрү жана бир-туугандары, өз жакындарыбыздын саламаттыгына кооптонуудабыз. Алардын кээ бирлеринин абалы канааттандыраарлык болсо , башкаларыныкы критикалык: өз алдынча баса албай калгандары бар.
Биз Конституциянын кепили болгон өлкө башчысына жана башка бийлик органдарына кайрылып, саясий туткундардын мыйзамсыз камалышына чара көрүүнү, тергөөнү тездетип, эгерде сот үй камагына чыгаруу чечимин кабыл албаса, жок дегенде аларды кармоонун шарттарына жана моралдык-психологиялык абалына көңүл буруусун бир нече ирээт сурандык. Бирок судьялар сот отурумдарында адвокаттар тарабынан келтирилген аргументтерге бүгүнкү күнгө чейин эч кандай реакция жасабай келишет. Мыйзамдуулуктун сакталышын, адам укуктары менен эркиндиктеринин корголушун көзөмөлдөөчү орган- прокуратуранын реакциясы кайда?
Саясий туткундар кылмышкер эмес!
Эч ким өз пикирин, көз карашын ачык билдиргени үчүн административдик болобу, башка болобу, кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек! Мекенди сүйүү кылмыш эмес!
Акыркы окуяларга байланыштуу бизде камакта мыйзамсыз жана негизсиз камалып жаткан өзүбүздүн жакындарыбыздан ачкачылыкты тезинен токтотууну өтүнгөндөн башка аргабыз калбады.
Бизге балдарыбызга дени сак ата-эне, аман-эсен бир тууган жана уул-кыз керек!
Биздин жакындарыбызга айтаарыбыз: «Бекем болгула! Биз силерди жакшы көрөбүз жана силерге коюлган бардык айыптардын алынып салынышын чыдамсыздык менен күтөбүз! Өз учуру келгенде бул окуяларга да сөзсүз түрдө тарыхый , укуктук жана саясий баа берилет! Силердин артыңарда биз барбыз! Өлкөнүн келечеги үчүн кайдыгер эмес элиңер бар жана элдин кызматында болушуңар үчүн эң биринчи кезекте ден-соолук жана күч керек!
Силерден ачкачылыкты токтотууну суранабыз»!
27.12.2022
Комментирование запрещено.